Урматтуу шаар тургундары! «Тазалык» муниципалдык ишканасы 30-октябрдан тарта Октябрь районунан катуу тиричилик таштандыларын чыгарууну тейлей баштады.

Октябрь районунун аймагынан таштанды чыгарууда борбордогу «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өз ыктыяры менен тазалыктын жумушчуларына жардам көрсөтүштү.

«Бишкекжашылчарба» МИнын 20 кызматкери 4 жүктөөчү атайын техникасы менен Октябрь районунун аймагын тазалоого жардам берүүнү улантууда.

Бүгүнкү күндө райондун аймагынан 300 тонна таштанды  чыгарылды.

Эске салсак, 29-октябрдан тарта «Комтранском» ишканасы Октябрь районун тейлебей калгандыгына байланыштуу таштандылар чогулуп калган. Жогорудагы компания шаардыктардын  2016-2022-жылдардагы карызы үчүн келишимди бузган. Карыз 12 миллион сомду түзөт.