Октябрь районунун №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун алдында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Көп тилдүү билим берүү – мезгил талабы!» деген темада усулчулар үчүн семинар болуп өттү.

Семинардын максаты – мектепке чейинки билим берүү уюмунда көп тилдүү билим берүүнү ишке ашырууда колдоо көрсөтүү жана усулдук жардам көрсөтүү, тажрыйба алмашуу, программаны ишке ашырууну практикада көрсөтүү болуп саналат.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогдору иш жүзүндө бир кайчылаш тема боюнча айрым кеп материалдарын киргизүүнү, бириктирүүнү жана кайталоону көрсөтүштү. Сабактар мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бул тайпанын балдары үч тилде мугалимдерди түшүнүп, жооп беришкен. Семинардан кийин катышуучулар салттуу сабак менен көп тилдүү сабактын айырмасын талкуулашты.

Жыйындын соңунда жетекчилер көп тилдүү билим берүү программасы боюнча мугалимдерге кеп-кеңеш берүү жана окутуу максатында №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунда ачылган ресурстук борбордун кабинетинин лентасын кесишти.