«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Тазалыкчылар шаардык фонтандарды кышка даярдап, насос жана басым түтүктөрүнүн системаларын, насостук агрегаттарды тазалашты.
Алар ошондой эле чөйчөктөрдү жалбырактардан жана таштандылардан тазалап, электр насосторун жана жабдууларды алышты. Фонтан комплекстеринин  жарык бергичтери да тазаланды.

Фонтандардын өз убагында жана сапаттуу иштеши үчүн насосторду, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык ремонттон өткөрүү жана алмаштыруу иштери башталды.

Эске салсак, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар.