Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан №8 мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Бала бакчанын эки кабаттуу имараты 120 орундуу, 4 тайпага ылайыкталган. Имараттын аянты 483,42 чарчы метр.

Бүгүнкү күндө инженердик коммуникация тармактарын орнотуу иштери аяктады. Бала бакчанын ички жана тышкы жасалгасы, аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бала бакчада ар бир тайпага өзүнчө аянтчалар курулат.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.