Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобо" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун негизинде,  борбордун райондук администрацияларында жерге мунапыска кирген объектилер боюнча комиссия ишин баштады.

Биринчи май району боюнча 34 маселе каралып, анын ичинен 28 канааттандырарлык, 6 суроо «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлгөн (документтердин түп нускасын жаңылоо талап кылынат).

Ленин району боюнча 37  кайрылуу каралып, 24ү канааттандырарлык, 13 маселе «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесине кошумча кароого жиберилди.

Урматтуу шаардыктар! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону, 57 дарегинде  кабыл алынат. (Жеке турак-жай куруу жана шаар куруу департаменти)
Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.