Жаңы курулган №75 мектептин базасында Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун жетекчилиги астында координациялык кеңешме болуп өттү.

Ага жетекчинин орун басары Аида Рысбаева, Бишкек шаарынын прокуратурасынын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Нургүл Сулайманова, Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы Аскат Көлбаев, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү, райондук билим берүү борборунун жетекчиси, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (БББ) директорлору, МАБдын башчылары катышты.

Анда үч маселе каралды: жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана суициддердин алдын алуу, диний экстремизмге каршы аракеттенүү жана алдын алуу, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга бөгөт коюу.

Жыйындын катышуучуларына райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын башчысы Максат Жапаров Биринчи май району боюнча 26 инспектор кызмат өтөп жаткандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө балдар тарабынан жасалган 53 кылмыш катталган.

Балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 308 бала, жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар 37ге жакын, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 19 факты катталган. Райондун аймагында балдар арасында 1 суицид жана 8 өз жанын кыюуга аракет жасалган.

Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Бекитаевдин айтымында, жыл башынан бери жашы жете электердин иши боюнча инспекторлордун жана МАБдын катышуусунда 32 рейд өткөрүлдү.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын капитаны Юрусланбек Абдуманнапов катышуучуларды Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар менен тааныштырды, учурда алардын саны 19 уюмду түзөт.

Ошондой эле “Стереотиптерге ишенбе, террордун улуту жана дини жок” аттуу видеоролик көрсөтүлдү.

Финансылык жана башка төлөмдөрдү жүргүзүүгө катуу тыюу салынып, бул тууралуу билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, мектеп жана бала бакчалардын директорлоруна жана мугалимдерине эскертилди. Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү буйругу бар! Мыйзамды бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик райондук билим берүүборборуна (РББ), мектептердин жана бала бакчалардын директорлоруна жүктөлдү.

Ата-энелик фондго чегерүү ыктыярдуу негизде жүргүзүлүшү мүмкүн болгон учурлардан тышкары.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен кенешменин протоколдору түзүлдү.