«Тазалык» муниципалдык ишканасы Октябрь районунда таштанды салынуучу челектерди жана аянтчаларды жууп-тазалоодо.

Жууп-тазалоо иштерине жалпы  3 даана атайын техника  жана 9 жумушчу тартылган. Көк-Жар конушундагы жана 12-кичирайондогу таштанды аянтчалары жана таштанды челектери жуулуп иретке келтирилди.

Бүгүнкү күндө шаарды санитардык тазалоо үчүн линияда 627 тазалыкчы, 103 жүктөгүч иштеп, 36 даана атайын техника тартылган.

Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн линияда 87 жүктөгүч, 37 атайын техника иштеп жатат.