Борбор калаада күн сайын саат 05:30дан кечки 22:00гө чейин 135-140 троллейбус жүргүнчүлөрдү ташыйт.

“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы шаардыктар менен дайыма байланышта болуп, ар кандай сунуш, даттануулар жана сын-пикирлерге ачык.

Бирок кээ бир жүргүнчүлөрдүн кабинага таштанды таштаган абийирсиз мамилеси бар экенин да айткыбыз келет.

Тазалоочу топ күн сайын троллейбустардын ичин тазалап, жуушат. Орундар, терезелер, полдор тазаланган. Андан тышкары унаа токтотуучу жайда атайын унаа жуучу жай бар.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык транспортко кам көрүүнү суранат.