№95 мектеп-гимназиясында Ленин районунун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн  «Кыргызстандагы билим берүү системасы жана ааламдашуу» деген темада семинар өткөрүлдү.

Иш-чара азыркы учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен бала бакча жана мектеп мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулду.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаев  тренингди алып барып, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, Ленин районунда 32 мектеп жана 19 бала бакча бар, анда үч миңден ашык мугалим жана тарбиячы эмгектенип, алтымыш бир миңден ашык окуучу билим алат.