Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын орус тилдүү кызматкерлери үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы окуу курстарын өткөрүүдө.

Катышуучулар мамлекеттик тилди билүүнүн А1 жана А2 деңгээлдери боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү сынактарды тапшырууда.

Окуу курстар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы №116 “Бишкек шаарынын мэриясынын  2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 20-июлундагы №135-б буйругун ишке ашыруу максатында өтүлүүдө.