Шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, Бишкек шаарынын аймагында тышкы жарнак-маалымат каражаттарын жайгаштыруу жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында масштабдуу рейд жүргүзүлдү.

Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери жарнамалык конструкцияларды алып салышты.

Рейддин жыйынтыгында  Махатма Ганди көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин 50 жарнак жана 22 тротуар такталары алынды. Киев көчөсү, Манас проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 60 жарнак конструкциясын, 11 көрнөк тактасын, 7 тротуарда жайгашкан такталар демонтаждалды.

Белгилей кетсек, буга чейин жарнама түзүмдөрүн жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча  эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сураныч, келгиле, шаарыбызды биргелешип көрктөндүрөлү, Бишкек жалпы үйүбүз. Аң-сезимдүү болуу менен биз чоң өзгөрүүлөргө келебиз.