Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана  жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддерди жүргүзүштү.

Алсак, Биринчи май районунун аймагындагы Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалган.

Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкелери тазаланды. Жалпысынан 382 жарнама конструкциясы алынган.

Ленин районунда Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгү да “мыйзамсыз жарнактардан” тазаланды.
Азыр 160 жарнама конструкциялары борбордун көркүн бузбайт.

Октябрь району да уруксатсыз жарнама түзүмдөрүнөн тазаланды. Биздин топ Ахунбаев көчөсүн Ч.Айтматов проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин тазалады.
Байтик баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки тилке да көңүл сыртында калган жок. Жалпысынан 26 жарнамалык конструкция жана 65 баннер демонтаждалган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сураныч, келгиле, шаарыбызды биргелешип көрктөндүрөлү, Бишкек жалпы үйүбүз. Аң-сезимдүү болуу менен биз чоң өзгөрүүлөргө келебиз.