Майрам күндөрү “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калааны адаттагыдай эле тазалоо иштерин улантышууда.

Алсак, бүгүнкү күндө Ленин району боюнча санитардык тазалоо үчүн линияда 189 тазалоочу, 32 жүктөгүч жана 10 даана атайын техника, катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн 43 жүктөгүч, 18 даана атайын техника иштеп жатат.

Биринчи май району боюнча тазалоо иштерине 172 тазалыкчы, 21 жүктөгүч, 13 даана атайын техника тартылган. Ошондой эле, линияда катуу таштандыларды чыгаруу үчүн 25 жүк ташуучу жана 13 даана атайын техника иштеп жатат.
Свердлов району боюнча санитардык тазалоо үчүн линияда 139 тазалык кызматкери, 26 жүктөгүч, 6 атайын техника иштеп жатат. Катуу таштандыларды чыгаруу үчүн линияда 19 жүктөгүч, 10 даана атайын техника тартылган.

Октябрь районунун көчөлөрүн тазалоо иштерине линия боюнча 123 тазалык кызматкери, 22 жүктөгүч, 8 бирдик атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Катуу таштандыларды чыгаруу үчүн линияда 18 жүктөгүч, 14 даана атайын техника тартылган.

Бишкек шаарынын мэриясы жалпы шаардыктарды майрамы менен куттуктайт! Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана бардык иштериңиздерге ийгилик каалайбыз!