“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы көптөн бери алмаштырууга жана жаңылоого муктаж болгон чырактарга тарыхый көрүнүшүн кайтарууну пландоодо.

Ишкананын айтымында, сыртынан чырактар  эски чырактарга окшош, бирок алар заманбап жана энергияны үнөмдөөчү мүмкүнчүлүккө ээ.

Бул чырактар светодиоддуу, алар борбордун көчөлөрүн бардык стандарттарга ылайык жарыктандырып, ошол эле учурда электр энергиясын үнөмдөйт.