“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Ак-Ордо конушундагы жаңы мектептин жашылдандыруу иштерин бүтүрүштү.

Азыркы учурда “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, көк майсандын уругун 350 чарчы метр жерге сээп, 420 чарчы метр жерди ылдыйлатып түздөө иштерин бүтүрүштү.

Андан тышкары 83 жазы жана ийне жалбырактуу бак-дарактар отургузулуп, мектептин аянты кооздолду.

Жаңы мектептин аянтын жашылдандыруусунда “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын 18 кызматкери иштеп эмгектенишкен.