Биринчи май акимчилигинде башчы Максатбек Сазыкуловдун жетекчилиги алдында пландуу кеңешме өттү.

Анда башчынын орун басарлары, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдын жетекчилери катышты.

МАБ тарабынан 10 ай ичинде аткарылган иштер, 4-топтогу мүлккө (транспорт каражаттарына) салык төлөө боюнча маалымат угулду.

Кеңешменин жыйынтыгында калк арасында турак жайды камсыздандыруу, жерлерге мунапыс берүү, башаламан сооданы жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ошондой эле алардын карамагындагы аймактардагы көйгөйлүү маселелерди көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгы тарабынан ушул мезгилге карата кыймылдуу мүлккө салык төлөмдөрү план боюнча  58 млн 052,9 миң сом болсо, иш жүзүндө 54 млн 791,1 миң сом түшүп, пландын аткарылышы 94,4%ды түздү.

Биргелешкен рейддердин жүрүшүндө салык төлөбөгөн 1147 унаа ээлери аныкталган. Анын 197си жеринде төлөнүп,  237 миң сом өлчөмүндө  каражатты түздү.

Берилген маалыматтардын негизинде тапшырмалар жана артыкчылыктуу милдеттер көрсөтүлгөн кенешменин протоколу түзүлдү.