Биринчи май районунда Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун дарегине түшкөн тургундардын кайрылуулары боюнча көчмө кеңешме өттү.

Тыныстанов көчөсүндөгү №99 үйдүн жашоочулары менен акимдин орун басары Чынгыз Байсов жолугушту.

Кеңешменин жүрүшүндө шаардыктар Тыныстанов көчөсүндөгү “жасалма дөңчөнү” орнотуу, күнүмдүк батирлерди текшерүү, короо ичиндеги газдын чыгышын текшерүү, биринчи кабатта жайгашкан кинотеатрдын ызы-чуу деңгээлин өлчөө, ошондой эле  кайра профилдөө иштеринин мыйзамдуулугун, тротуардын чакан бөлүгүн оңдоо иштери боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү.

Бардык кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана акимчиликтин ыйгарым укуктарынын алкагында тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.