“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын тазалыгын камсыз кылууну улантууда.

Бүгүнкү күндө Ленин району боюнча санитардык тазалоо үчүн линияда 189 тазалоочу, 32 жүктөгүч жана 10 даана атайын техника, катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн 43 жүктөгүч, 18 даана атайын техника иштеп жатат.

Биринчи май району боюнча тазалоо иштерине 171 тазалоочу, 25 жүктөгүч, 12 даана атайын техника тартылган.

Свердлов районунда санитардык тазалоо үчүн линияда 138 тазалоочу, 25 жүктөгүч, 12 бирдик атайын техника иштеп жатат. Катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу үчүн линияда 25 жүктөгүч, 12 даана атайын техника тартылган.

Ал эми Октябрь районун тазалыгын камсыз кылуу үчүн санитрадык тазалоо жумуштарына 123 тазалоочу,  22 жүктөгүч жана 8 бирдик даана атайын техника тартылган. Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн 69 жүктөгүч жана 23 даана атайын техника тартылган.

Бишкек шаары боюнча күнүнө 1300 метр куб таштанды чыгарылууда.