Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошов райондук салык кызматынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын катышуучулары киреше бөлүгүн толтурууну жогорулатуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруунун кошумча булактарын аныктоо маселелерин талкуулашты.

Катышуучулар салыктык көрсөткүчтөрдү аткаруу, карыздарды өндүрүү, ошондой эле салык төлөөдөн качкан уюмдарга жана жеке ишкерлерге каршы биргелешип иш алып баруу боюнча пикир алмашышты.

Жыйынтыгында 2022-жылга белгиленген пландык көрсөткүчтөрдүн өз убагында аткарылышын камсыз кылуу үчүн батирлердин ээлеринен алынуучу салыктар боюнча МАБ менен биргелешкен ишти күчөтүү, ошондой эле, 4-топтогу транспортко салык төлөбөгөн адамдар, Бишкек шаарынын Энергосбыты, Бишкексууканал башкармалыгы жана Тазалык МИ менен иш алып баруу, салык төлөөдөн качкан чарба жүргүзүүчү субъекттерди аныктоо үчүн салык кызматынын маалымат базасы менен салыштыруу үчүн субъекттер боюнча маалымат берүү чечими кабыл алынды.