Эндокринология борборунун маалыматы боюнча Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 74 810 адам расмий катталган. Жыл сайын бейтаптардын саны кеминде 5-7 миңге көбөйөт. Бирок, көптөгөн кыргызстандыктар кант диабети менен ооруганын билишпейт же ооруга көңүл бурушпайт.

Кант диабети саламаттыкты сактоонун алдында турган медициналык-социалдык милдеттердин арасында артыкчылыктуу орунду ээлейт жана өзүнүн татаалдашуусу менен коркунучтуу: миокард инфаркты, мээнин инсульту, сокурдук, бөйрөк жетишсиздиги, жаралар, кол-буттун гангренасы жана диабеттик комалар.

Алсак, Октябрь районунда 12-15-ноябрь күндөрү бүткүл дүйнөлүк диабет күнүнө карата өткөрүлгөн акциянын алкагында "Глобус" гипермаркетинде жана Октябрь акимиатынын имаратында калк жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери арасында кант диабети жана тобокелдик факторлору тууралуу билим деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чаралар өткөрүлдү.

Жалпысынан 155 адам канттын деңгээлин, кан басымын жана салмагын акысыз текшертишти.

Урматтуу шаардыктар! Дарыгерлер кандагы кантты жана холестеролду үзгүлтүксүз текшерип, кан басымыңызды жана салмагыңызды өлчөп турууну сунушташат!

Эгерде оорунун белгилери байкалса же тобокелдик факторлору бар болсо, Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, кандагы канттын деңгээлин текшерүү керек.