Борбор калаанын муниципалитетинде “Тазалык” муниципалдык ишканасынын иши боюнча маалымат жыйыны өттү.

Журналисттердин суроолоруна борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев жооп берди.

Вице-мэр Бишкек шаарынын мэринин демилгеси менен “Тазалык” муниципалдык ишканасына кошумча атайын техникаларды алуу демилгеленгендигин билдирди. Жылдын аягына чейин 5 даана атайын техниканы алуу күтүлүүдө. Жыл башына кошумча дагы 12 даана атайын техниканы алуу алдында. Учурда шаарда 53 атайын техника иштеп жатат.

Вице-мэр ошондой эле Октябрь районундагы келишим бир тараптуу бузулуп, «Комтранском» жеке ишканасынын иши токтоп калгандан кийин турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча абалга токтолду.

Анын айтымында, муниципалитет келечекте мындай жагдайлар кайталанбашы үчүн жеке уюмдар менен иштөө принциптерин карап жатат.

Ж. Шамыралиев ошондой эле таштандыларды өзүнчө чогултууну киргизүү боюнча пилоттук долбоорго токтолду. Ар бир райондо таштандыларды сорттоочу пункттарды түзүү үчүн бир нече пункттар аныкталган. Келечекте мындай пункттарды шаар боюнча орнотуу пландалууда.