Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 2022-жылдын 15-ноябрындагы №227-р буйругуна ылайык, коммуналдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү.

Алсак, «Бишкекжарык», «Тазалык», «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Бишкек аза кызматын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканаларынын, мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлдү.

Жакында тейлөө кызматкерлери тамактануу жана транспорттук чыгымдарды эске алуу менен кайра эсептелип, берилет.

Буга чейин административдик-башкаруучу персонал жана инженер-техник кызматкерлер социалдык төлөмдөрдү жана салыктарды кошкондо орто эсеп менен 19 миң сом алышса, эми 26 миң сомго жакын акча алышат. Башкы инженерде 20 миң сом алса, эми 27 миң сом алат.

Өндүрүштүк персонал орто эсеп менен 15 000 алган, 22 000 сом алат. Участок башчысынын айлыгы 16 миң сом болсо, эми 23 миң сом болот.

Негизги жумушчу кадрлар орто эсеп менен 20 миң алса, эми 27 миң сом болот. Атайын техниканын айдоочусунда 20 500 сом болсо, 27 500 сом болот.