Айтакунов Кубанычбек Маратбекович Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басарынын кызматын Бекназаров Руслан Азимбекович ээлеп келген.