Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кайрылуулар негизинен райондун аймагын көрктөндүрүү, материалдык жардам көрсөтүү, жол белгисин коюу, турак-жай маселеси, лифттерди алмаштыруу маселелери боюнча  болду.

Кабыл алууга беш адам жазылган.

Бардык кайрылуулар катталып, каралып, сүйлөшүү учурунда түшүндүрмөлөр берилди. Калгандары көзөмөлгө алынып, чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт.

- (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыздар.