Октябрь районунда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин жетекчилигинин алдында жарнамалык конструкциялар алынууда.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча департаментинин  кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жеринде иштеп жатышат.

Юнусалиев көчөсүнөн 93 даана баннер, 18 штендер, 7 лайтбокс алынды.

Мыйзамсыз жарнактын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн жарнамалык конструкцияларды өз алдынча орнотпоону өтүнөбүз.