Борбор калаанын муниципалитетинде жер амнистиясынын объектилерине берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды тапшыруу аземи өткөрүлдү.

Шаардыктарга документтерди борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров тапшырды. Калаа башчысы шаардыктар ондогон жылдардан бери үйлөрүн, жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келгенин баса  белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун чечиминин аркасында эл көптөн күткөн документтерин алууда. Кызыл китептин алгачкы ээлери- сиздерди куттуктайм. Сиздер  узак жана татаал жолду басып өттүңүздөр. Сиздердин тажрыйбаңыздар башка шаар тургундарына документ алууга жардам берет», - деди шаар  мэри.

Белгилей кетсек, райондук администрацияларда атайын түзүлгөн комиссиялар иштеп, алар иш кагаздарын даярдоого катышат. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291  «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун  негизинде иш алып барышат.

26 жаран Кызыл китеп алды:

Логинова Елена Балдиевна;
Шаршембиев Абдынасир Абдырашитович;
Абдрахманова Чынаркүл Жеенбековна;
Алапаева Хамидэ Теңирбердиевна;
Боймуратов Акылбек Турдубаевич;
Усенов Манатбек Мамбетович;
Чикинова Аида Дженишбековна;
Задорин Андрей Вадимович;
Касимов Нурахмат Турсинович;
Былжыев Абазбек Кутуевич;
Куламбаева Жаңыл Жалеловна;
Ахметов Майнур Махмутов;
Казанцева Любовь Николаевна;
Черкавский Алексей Михайлович;
Орлова Любовь Николаевна;
Усманова Пашакыз;
Усманова Айгуль Джайлюпова;
Жумагулова Асылкан Сымарбековна;
Данкеев Канатбек Джорабекович;
Садырбаева Гульсина Тайлаковна;
Воробьев Владимир Николаевич;
Густова Светлана Анатольевна;
Юсупов Алимджан Зунунович;
Туйтуев Замирбек Медетбекович;
Кадырова Искра Амановна;
Жайлобаева Бермет Мукашевна.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.