Борбор калаанын мэриясында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун маалымат жыйыны өтүүдө.
Маалымат жыйында мэр 15-декабрга чейин Бишкекке 120 жаңы автобус келерин айтты.
Жаңы автобустар эл аралык талаптарга жооп берет, экологиялык жактан таза - газ менен жүрөт, жапыз, узундугу 10,5 метр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттар түзүлгөн.
Эске сала кетсек, автобустар шаардык бюджеттин эсебинен сатылып алынат.