Борбор калаанын мэриясында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун маалымат жыйыны өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэр борбор калаада кыска убакытта 15 мектеп курулганын, дагы эки мектептин  ачылышы күтүлүп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, билим берүү мекемелери республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Анын 2,5 миллиард сому республикалык бюджеттен, 709 миллион сому шаардын бюджетинен  бөлүнгөн.