Капиталдык курулуш башкармалыгы Балтагулов көчөсү 1-дареги боюнча жайгашкан №16 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Оңдоо иштери 80% га аяктады.

Демонтаждоо, чатырды орнотуу, терезелерди орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүп, пол орнотулуп, ички жасалгалоо иштери аткарылды. Ошондой эле жылытуу системасы алмаштырылды, электр кабелдерин монтаждоо, тышкы тармактарды төшөө, фасадды жасалгалоо, таман таштарды төшөө иштери жүргүзүлдү. Санитардык түйүндөрдү, көлөкө чатырчылырын орнотуу жана аймакты тосуу боюнча иштер аяктоодо.

Мектепке чейинки мекеме 6 топко ылайыкталган. Бала бакчада жыйындар залы жана жабдылган медициналык кабинеттер каралган. Жайлардын аянты 1 061 чарчы метр.

Мындан тышкары, айланасы жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп, ар бир топ үчүн балдар аянтчалары орнотулат.