Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акцияны колдоо максатында кызгылт сары флешмоб өткөрүштү.

Акциянын негизги максаты –аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, 25-ноябрда гендердик зомбулукка каршы “Коркпо! Токтот! Жаша! кампаниянын башталышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Маалымдама: Кызгылт сары түс бүгүнкү күндө аялдар зордук-зомбулукка кабылбаган жакшы келечекке болгон үмүттү билдирет.

Кампания 1991-жылы биринчи Аялдардын Глобалдык Лидерлик Институтунун активисттери тарабынан негизделген жана жыл сайын Аялдардын Глобалдык Лидерлиги Борбору тарабынан координацияланып келет. Бул дүйнө жүзү боюнча жеке адамдар жана уюмдар тарабынан аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакыруу үчүн уюштуруу стратегиясы катары колдонулат.