Биринчи май райондук акимиатында укук бузуулар боюнча жыйын өттү.

Комиссия мүчөлөрү 5 материалды карашты.

Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, чектеш аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 16 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Укук бузуулар боюнча комиссия жумасына бир жолу өткөрүлүп келет.

Белгилей кетсек, жыйындар Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана бекитилген комиссиянын жобосунун негизинде өткөрүлөт.