Эндокринология борборунун маалыматы боюнча Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 74 810 адам расмий катталган. Жыл сайын бейтаптардын саны кеминде 5-7 миңге көбөйөт. Бирок, көптөгөн кыргызстандыктар кант диабети менен ооруганын билишпейт же ооруга көңүл бурушпайт.
Кант диабети саламаттыкты сактоонун алдында турган медициналык-социалдык милдеттердин арасында артыкчылыктуу орунду ээлейт жана өзүнүн татаалдашуусу менен коркунучтуу: миокард инфаркты, мээнин инсульту, сокурдук, бөйрөк жетишсиздиги, жаралар, кол-буттун гангренасы жана диабеттик комалар.
Биринчи май акимиатынын имаратында калк жана администрация кызматкерлери арасында кант диабети жана тобокелдик факторлору тууралуу билим деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чара өткөрүлдү.
Жалпысынан 50 адам канттын деңгээлин акысыз текшертип, 4 адамдыкы нормадан бузулгандыгы аныкталды.
Урматтуу шаардыктар! Дарыгерлер кандагы кантты жана холестеринди үзгүлтүксүз текшерип, кан басымыңызды жана салмагыңызды өлчөп турууну сунушташат!
Эгерде оорунун белгилери байкалса же тобокелдик факторлору бар болсо, үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, кандагы канттын деңгээлин текшерүү керек.