«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды үйлөө, ошондой эле Ала-Арча дарыясын тазалоо иштерин кызуу улантууда.
Азыр аталган кызматтын кызматкерлери төмөнкү көчөлөрдө иштеп жатышат:
- Суворов көчөсү Гормолзоводдон ЗБЧКга чейин;
- Витебская көчөсү Элебесов көчөсүнөн Арал көчөсүнө чейин;
- Фере көчөсү Мусоргский көчөсүнөн Сеченов көчөсүнө чейин;
- Фере көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Мусоргский көчөсүнө чейин;
- Боталиев көчөсү Семёнов көчөсүнөн Мусоргский көчөсүнө чейин;
- Залкар көчөсү Курский чолок көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин (БЧК жээги).
«Ала-Арча» дарыясын төмөнкү көчөлөр боюнча тазалап жатышат:
- Жаманбаев көчөсү;
- Л.Толстой көчөсү темир жолго чейин;
- И.Ахунбаев көчөсү А.Малдыбаев көчөсүнө чейин;
- Л.Толстой көчөсү Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейин.
Жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери «Ак-Босого» конушунун Саадаев көчөсүн бойлото, Чүй 31 МЧКга чейин, профессор Зима көчөсү Чүй 57ден Саадаевге чейин жүргүзүлүүдө.
Урматтуу шаар тургундары! Негизги каналдарды жана коллектордук-дренаждык тармактарды таштандыга толтурбоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.