“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын конуштарындагы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда.

Биринчи май районунун аймагында ишкананын бригадасы Ак-Босого конушунун Чүй 1, Чүй 2, Чүй 3, Чүй 4, Чүй 5, Чүй 6, Чүй 20, Безымянная, Бухара көчөлөрүндө ЧЧК жээгинде   тышкы жарыктандыруу иштерин жүргүзүүдө.  

Көчө 361 светодиоддук чырак менен жарыктандырылды. Аларды иштетүү үчүн ушул эле сандагы кронштейндер орнотулуп, 12 635 метр СИП (өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зым) аба электр чубалгылары тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы  дагы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312 
Instagram:  @mp_bishkeksvett
Twitter:  @Bishkeksvet