Бул чечим борбор калаанын мэриясынын 5-октябрдагы №193 “Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясын кайра түзүү жөнүндө” токтомуна ылайык ишке ашырылды.

Документтин негизинде мэриянын эки түзүмдүк бөлүмү – шаарды көрктөндүрүү көзөмөлү боюнча муниципалдык инспекция жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы түзүлгөн.

Инспекция борбор шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын, ал эми объекттерди орнотуунун жана жерди башка максаттарга пайдаланууну аныктоонун мыйзамдуулугунун сакталышын башкармалык көзөмөлдөйт.