Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда радио жана телевидение кызматкерлерин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи өттү.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары менен төмөндөгүлөр сыйланды:

Каримова Жазгуль Калбековна - Эл аралык “Мир” телерадиокомпаниясынын улуттук филиалынын башкы редактору;
Бектурганов Алымбек Бектурганович - “Регион ТВ” телеканалынын журналист – оператору, редактору;
Сатыбалдиева Шекербүбү Эргешбаевна - “New ТV” телекомпаниясынын продюсери;
Туменбаев Даниэль Долонканович  -  “Жетинчи канал” телеканалынын журналисти;
Мамбеткадырова Анара Арууновна    -  “ЭлТР” мамлекеттик телерадио берүү компаниясынын маалымат каналынын кабарчысы.

Бишкек шаарынын мэриясы радио жана телевидение кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайт.