«Глобалдык жибек жолу. Губернаторлордун жана шаар мэрлеринин форуму» тегерек столдун алкагында Екатеринбург менен Бишкек шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Документке Екатеринбургдун башчысы Алексей Орлов менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол коюшту.

Макулдашуунун максаты - эки шаардын тургундарынын кызыкчылыгы үчүн тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-техникалык, билим берүү, маданий-гуманитардык жана экономикалык тармактарда кеңири, ачык жана адилет кызматташууга көмөктөшүү болуп саналат.

Тегерек столдун өзү Бишкек инвестициялык саммитинин алкагында өттү.