Улуттук адабият күнүнүн алкагында Биринчи май районунун мектептеринде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.
Райондун мектептеринде Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштыруу менен көркөм окулуп, дубал гезиттер даярдалып, адабий иш-чаралар уюштурулду.
“Кыргыздын ааламга-кымбат белеги” деген темада ачык сабактар жана “Адабият-турмуш ачкычы” адабий кечелери өткөрүлдү.
Иш-чаралар КРнын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ишке ашырылды.
Белгилей кетсек, 2011-жылы өлкөдө “12-декабрь – Кыргызстандын улуттук адабият күнү” жаңы маданий майрамы киргизилип, аны өткөрүү күнү кыргыз адабиятынын чыгаан классиги Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата тандалган.