Акцияга шаардык милициянын кызматкерлери кошулуп, «Ынтымак» сейил багында иштеп жаткан  «Бишкекжашылчаба» муниципалдык ишканасынын 20 кызматкерине колго жасалган токочтор менен ысык чай уюштурушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдиришти.

Өз кезегинде жашылдандыруучулар милиция кызматкерлерине көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, рахмат айтышты.