Урматтуу шаар тургундары! 16-декабрда саат 19.00дө борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт.

Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат алтыдан иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.