Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде жумушчу топтун төрагасынын орун басары К.Т. Молдокуловдун төрагалыгы алдында муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча жумушчу комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү.

Отурумда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин жана алардын стандарттарынын долбоорлору, ошондой эле 2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын "Коомдук кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө" Мыйзамынын долбоорунун презентациясы каралып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүүнүн жаңы концептуалдык механизмдерин иштеп чыгуу талкууланды.