№ 68 А.Осмонов атындагы мектептин базасында «Мектептик билим берүү системасындагы компетенттүү мамиле» аттуу жыйынтыктоочу семинар өткөрүлдү.

Семинарда мектеп-гимназиялардын жаш мугалимдери курста алган билимдерин жаңы ыкмаларды колдонуу менен мугалимдерге жана катышуучуларга мастер-класс аркылуу көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, семинарды педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаев уюштурган.

Аталган семинардын жыйынтыгында иш-чарага катышкан жаш мугалимдерге 72 сааттык сертификаттар тапшырылды.

Семинардын жабылышына мектептин директору Рыспаева Чолпон Курманбековна жана райондук билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова катышты.