Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда жаш бишкектиктерге жаңы жылдык кайрымдуулук иш-чарасы  өткөрүлдү.

Эмилбек Абдыкадыров кичинекей конокторду куттуктап, ден соолук каалап, ата-энелерине, мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Жаңы жылдык иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үй-бүлөлөрү, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынын, интернационалист-жоокерлердин балдары жетим жана жарым жетим балдар, 11 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин тарбиялануучулары, 20 бейөкмөт уюмдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды. Жалпысынан  1000 бала таттуу белектерге ээ болуп, жаңы жылдык «Сыйкырдуу Тумар» спектаклин да көрүштү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында мэр 17 адистештирилген мекемеге 100 миң сомдук акчалай сертификаттарды тапшырды:

1. №48 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
2. №85 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
3. №104 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
4. №124 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
5. № 122 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
6. №134 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
7. № 117 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
8. № 126 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
9. №174 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
10. № 164 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
11. № 87 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюму;
12. Бишкек шаарынын №30 атайын (жардамчы) мектеби;
13. Бишкек шаарындагы №22 атайын (көмөкчү) мектеп;
14. Бишкек шаарынын №34 атайын (жардамчы) мектеби;
15. «Ай Данек» жашы жете элек балдардын реинтеграция жана интеграция борбору.
16. Балдарды социалдык адаптациялоо борбору
17. Ден соолугунан мүмкүнчулүгү чектелгендер үчүн шаардык борбор

Маалымдама: Шаарда 7180 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үй-бүлөлөрүнөн, Чернобыль АЭСинин катышуучуларынан, интернационалист-жоокерлерден, жетим, жарым жетим, оор турмуштук кырдаалда калган балдар, анын ичинен 3800 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 18 жашка чейинки социалдык коргоо органдарында каттоодо турат, реабилитациялык борбордо 59 бала жашайт.

Балдардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча мэрия тарабынан бир топ иштер аткарылууда. Алсак, шаардык бюджеттен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн даректүү социалдык жардамдын түрлөрү: эки жашка чейинки балдарга бекер сүт азыктары, ЖОЖдордо жана колледждерде окуган жетим балдарга ай сайын стипендия берилет. Жашы жете элек балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө квартал сайын социалдык стипендия, социалдык көмүрдүн ордуна акчалай компенсациялар, турак-жай үчүн субсидиялар төлөнөт. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө, Эл аралык майыптар күнүнө карата шаардык жана райондук иш-чаралардын жүрүшүндө таттуу түрүндөгү белектер тартууланат.