Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери КРВИ менен кайрылган бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнү улантышууда.

КРВИ жана сасык тумоо боюнча кайрылуулардын өсүшүнөн улам үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардык күндүзгү стационарлары ҮМБнын иштөө графигине ылайык дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 08:00 дөн 18:00 гө чейин жана жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки сменада иштейт.

Эскерте кетсек, саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт, ал бардык кайрылгандарга амбулатордук консультациялык жардам көрсөтөт, анын ичинде КРВИ жана грипптин алдын алуу боюнча.

Урматтуу шаардыктар! Оорунун алгачкы белгилери байкалганда алдын алуу чараларын көрүү керек (бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, көп адамдар чогулган жерлерге барбоо, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу, жайларды тез - тез желдетүү ж.б.), Ошондой эле дарыгерге кайрылуу керек, анткени рационалдуу өз убагында тандалган терапия-тез жана туруктуу айыгуунун натыйжалуу жолу болуп саналат.

Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун  каттоо жайларынын актуалдуу телефон номурлары:

* №1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
* №2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
* №3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
* №4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
* №5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
* №6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
* №7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
* №8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
* №9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
* №10 ҮМБ - 0312 67 82 74;


118 ишеним телефону.