"Ала-Тоо" борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өттү.

Шаардыктар менен бирге 25 метрлик башкы жаңы жылдык балатыны Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов  жандырды.

Шаардыктардын жана меймандардын жаңы жылдык маанайын "Кыргыз руху" фольклордук ансамбли, "Сувенир" орус ыр ансамбли, "Семетей" ыр жана бий ансамбли, ошондой эле ата мекендик эстрада жылдыздары көтөрүштү.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатыны орнотуу жана жасалгалоо иштерин "Тазалык", "Бишкекжарык"муниципалдык ишканалары жүргүзүшкөн.

Каркаска 1400 ийне жалбырактуу бутактар бекитилип, аларга 7 миң оюнчук илинген. Өлкөнүн башкы балатысындагы 7 миң оюнчук Кыргызстандын 7 миллион калкынын символу болуп саналат.

Бокал формасындагы металл конструкциялар 8 км светодиоддук гирляндалар, 2 км лампалык гирляндалар, 2,3 км сары түстөгү дуралайт менен кооздолгон.

Ошондой эле борбордук аянтка кичи архитектуралык формалар орнотулган: бугу, бүркүт, илбирс, жылкы, "2023" жазуусу, дарак, карагай, коен жана белек.

Эске салсак, быйыл борбор калаанын башкы балатысы чоң фонтандын ордунда жайгашкан.

Программаны салттуу түрдө маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департменти даярдады.