2022-2024-жылдарга Бишкек шаарында ишкердикти колдоонун Шаардык программасын ишке ашыруу, райондун жеңил өнөр-жай тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында,  2022-жылдын 15-декабрында Свердлов муниципалдык администрациясынын жыйындар залында райондун башчысы Максатбек Саргазаковдун катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ассоциациясынын өкүлдөрү, Свердлов районунун №17 кесиптик лицейинин, райондук салык кызматынын, Социалдык фонддун райондук башкармалыгынын жана Свердлов районунун аймагында жайгашкан 30дан ашык тигүү ишканаларынын жетекчилери катышышты.

Жыйында мамлекеттик жана муниципалдык органдар өндүрүүчүлөр менен түрдүү маселелер боюнча маалыматтык-консультативдик иштерин жүргүзүштү.

«Легпром» бирикмесинин жетекчиси ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Бул тармакка адистерди даярдоо боюнча № 17 кесиптик лицейдин жетекчисинин маалыматы дагы угулду.

Мындан тышкары, ишкерлер тармакта орун алган көйгөйлөр боюнча түрдүү суроолорду беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар райондун жеңил өнөр тармагынын туруктуу иштеши жана өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу үчүн кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашышты.