Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков социалдык контракт алган үй-бүлөлөргө барды.

Каражаттар бизнес-пландарда белгиленген өз бизнесин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды жана кызматтарды сатып алууга жумшалды.

Бүгүнкү күндө Свердлов району боюнча 76 долбоордун катышуучусуна төмөндөгү багыттар боюнча бизнес ачуу үчүн ар бирине 100 000 сомдон берилди:

- тигүү өндүрүшү - 50;
- чакан дүң соода - 13;
- коомдук тамактануу жана ашпозчулук - 2;
- тиричилик кызматтары (тазалоо) - 1;
- жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүү үчүн автоунаа сатып алуу - 6;
- башка өндүрүш (биожер семирткичтерди өндүрүү - биогумус )-1;
- маникюр боюнча кызматтар - 1;
- тоок багуу - 1;
- асыл тукум койлор - 1.

Кошумчалай кетсек, Бишкек мэриясынын убактылуу комиссиясы дагы 19 катышуучунун документтерин жактырды.

Эске салсак, бул жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, алардын оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн жигердүү кадамдарга дем берүүгө, эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле кошумча жумуш орундарын түзүү процессине ишкерлерди тартууга багытталган.