Толугу менен же жарым – жартылай кулап кетиши мүмкүн болгон дарак авариялык деп эсептелет. Эгерде мындай өсүмдүк кулаганда имараттарды, коммуникацияларды бузуп, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болсо, анда ал  кооптуу деп эсептелет. Айрыкча жолдордун жана тротуарлардын, турак жайлардын жана коомдук имараттардын жанында өскөн авариялык дарактар өзгөчө кооптуу.

Дарактын авариялык абалда экенин кантип аныктоого болот?

Бир нече авариялык белгилери бар:

-кургак бутактар жана сөңгөктөр;
-дарактын алсыраган абалы;
-узунунан жана туурасынан кеткен жаракалар;
-бутактар менен сөңгөктүн ортосундагы кичинекей бурч – бул алсыз байланышты жана катуу шамалда сынуу коркунучун билдирет;
-некроз-кабыктын жабыркашы, жаралар;
-чирүү;
-сөңгөгүндө өскөн козу карындар;
-тамыр системасынын кемчиликтери.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын адистери борбор калаанын: Токтогул, Киев-Бейшеналиева, Бөкөнбаев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында, Дэн Сяопин проспектисинде, Жукеев-Пудовкин көчөсүндө санитардык бутоо жана авариялык кургак өсүмдүктөрдү тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Тигил же бул породага мүнөздүү кырсыктын белгилери бар. Мисалы, бай теректерде некроз көп кездешет, ал эми клёндордо сөңгөк менен бутактардын ортосунда кичине бурч болот.

Кымбаттуу шаардыктар санитардык кыркуу жана авариялык абалдагы дарактарды алуу боюнча 37-53-30 номерине кайрылсаңыздар болот.