Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинде жана борбор калаанын райондук администрацияларында жер мунапыска кирген объектилер боюнча комиссиялар ишин баштады.

Биринчи май райондук комиссиясында 200 материал каралып, 2 арыз канааттандырылган жок, калгандары шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыахитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилген.

Октябрь райондук комиссиясында 274 материал каралып, 7 арыз четке кагылган, 23 арыз кийинкиге калтырылган, калган 207 материал шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилген, 37 материал мыйзамдаштыруу боюнча оң чечим кабыл алынган.

Свердлов райондук комиссиясында 200 материал каралып, 6 арыз канааттандыруусуз калтырылган, калган 179 материал шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлгөн.

Ленин райондук комиссиясында 379 материал каралып, 10 арыз канааттандыруусуз калтырылды, 101 арыз кийинкиге калтырылган, калган 268 материал шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жиберилди.

Урматтуу шаар тургундары! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону, 57  (Жеке туак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат. Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Маалымдама: Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291  «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун  негизинде иш алып барышат.