2022-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарынын Ардактуу жараны Каткова Лидия Петровна 79 жашында  узакка созулган оорудан кийин көз жумду.

Лидия Каткова 1943-жылы 11-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында туулган. Жеңил өнөр жай техникумун, андан соң Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган.

Лидия Петровна Свердлов районунун райондук аткаруу комитетинин инструктору, Октябрь районунун райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. 1978-1990-жылдары Бишкек шаарынын шаардык Аткаруу комитетинин төрагасынын Социалдык маселелер боюнча орун басары, 1991-1996-жылдары соода жана кызмат көрсөтүү департаментин жетектеген.

Бишкек шаарын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн 2016-жылы "Бишкек шаарынын Ардактуу жараны"наамы ыйгарылган. Көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

1991-жылдан тартып шаарда коомдук иштерди активдүү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын аялдар комитетинин президиумунун мүчөсү болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы жоготууга байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Лидия Петровнанын элеси  биздин жүрөгүбүздө сакталат.